2024-жылдын 14-мартында Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин Гуманитардык-педагогикалык факультетинин педагогика жана дене тарбия адистиктеринде окуган 3-курс студенттердин кесиптик-базалык практикасынын отчеттук конференциясы уюштурулду.
Конференцияга КӨЭАУнун педагогикалык практика боюнча жетекчиси Бердугулов Аматбек Турдубаевич, профессордук окутуучулар жааматы катышып, студенттердин кесиптик-базалык практикада аткарган күндөлүк иштери, өткөн ачык сабактары, тарбиялык сааттары, класстан тышкаркы жүргүзгөн иш-чаралары боюнча маалыматтарга…